Жетикс
12+
2017Приключение12+
Сюжет
Алыскы райондордун биринде 2 жума ичинде 32 окуучу жоголот. “ЖЕТИКС” аттуу жашыруун мекеме жоголгон балдарды табуу үчүн өзгөчө балдардан турган атайын топ түзөт. Шумкар шамалдан да ылдам чуркайт, “600” заттарды оюнун күчү менен ордунан жылдыра алат. Карлыгач техниканы мыкты билген акылдуу кыз. Көзгө атар мерген Аймончок менен балбан Дөңгөч топтун калган эки мүчөсү. Алардын баары жоголгон балдарды куткаруу үчүн биригишет. Күн өткөн сайын абал курчуп баратат. Жоголгон балдардын саны 47 ге жетет. Ошондо “ЖЕТИКС” тобунан да бирөөсү жоголот. “Нарго” планетасынан келген келгиндердин башкы максаты, адамдардын эң ыйык “Сүйүү” жана “Кубануу”сезимдерин уурдап кетүү. Убакыт улам тарып баратат, жоголгон балдар болсо көбөйүүдө...