FAQ
«MegaTV» − кеңири жайылган телеканалдар жана жана онлайн-кинотеатрларды өз ичине камтыган сервис.
MegaTV тиркемесин смарт-сыналгыга, смартфонго, планшетке орнотуп алууга же megatv.kg веб-интерфейси аркылуу компьютерден көрүүгө болот.
Бир жазылууну бир убакта 5 түзмөктө колдонууга болот (кошумча төлөмсүз).
Интерактивдүү сервис 180дөн ашык телеканалды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет жана аларды жаздырып алууга жана 48 саатка чейин көрүүгө болот; эфирлерди тынымга койгонго, Сизди кызыктырган берүүлөрдүн башталышы тууралуу эскертүүлөрдү коюп алууга жана алып турууга, жана да тасмаларды аталышы жана тематикасы боюнча издөөгө да мүмкүнчүлүк бар.
Сервис интерфейси 4 тилде жеткиликтүү: кыргыз, орус, өзбек жана англис тилдеринде.
Сервистин телеканалдар бөлүмүндө 180 телеканал бар. Көңүлүңүзгө төп келгенин таап көрсөңүз болот.
180+ каналдан турган “PREMIUM” максималдуу телеканалдар топтомун же 100 же андан көп каналдан турган “BASIC” стандарттуу топтомун кошуп алуу жеткиликтүү. MegaTV тарифтеринин көпчүлүгүндө 50 телеканалды камтыган базалык LIGHT телеканалдар топтому акысыз кошулган.
MegaTV сервисинде телеканалдардан тышкары START жана more.tv онлайн кинотеатрларына жазылуу мүмкүнчүлүгү каралган. Өзгөчө премьералар жана дүйнөлүк жаңылыктар тиркемеде өзүнчө жазылуу аркылуу жеткиликтүү.
Алгач тиркемени AppStore'дон (iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market'тен (Android үчүн), AppGallery (Huawei үчүн) жүктөп алуу зарыл же megatv.kg веб-порталына кирип, андан кийин авторизациялоодон өтүү керек: Логинди ( активдүү жазылуусу менен +996XXXYYY форматындагы MEGA телефон номерин же сиз кызматты кошууну каалаган номерин) жана Паролду (кызматты кошуу тууралуу сурамыңыздан кийин SMS - билдирүүдө алынган бир жолку код).
MegaTV кызматын кошуу үчүн телеканалдардын тандалган топтомуна жараша USSD-буйрууну терүү керек:
— “BASIC” топтому – *717*1#. 100дөн ашык телеканалга жетки алуу. Күн сайын алынуучу абоненттик төлөмдүн наркы – 5 сом.
— “PREMIUM” топтому – *717*2#. 180дөн ашык телеканалга жетки алуу. Күн сайын алынуучу абоненттик төлөмдүн наркы – 9 сом.
Баалар КНСти жана ССти эсепке алуу менен көрсөтүлгөн.
«LIGHT» топтому өз алдынча кошуп алуу үчүн жеткиликтүү эмес жана «СуперЫңгайлуу 7», «Интернет 7 Эконом», «Элдики 120 + MegaTV», «Элдики 395 + MegaTV» тарифтик топтомдорунун алкагында кошулат.
«START» кызматын кошуу үчүн *720*1# USSD-буйруусун терүү же 720 номерине «1» тексти менен SMS жөнөтүү керек.
Күн сайын алынуучу абоненттик төлөмдүн наркы – 7 сом (КНСти эсепке алып, ССти эсепке албаганда)
«more.tv» кызматын кошуу үчүн *721*1# USSD-буйруусун терүү же 721 номерине «1» тексти менен SMS жөнөтүү керек.
Күн сайын алынуучу абоненттик төлөмдүн наркы – 7 сом (КНСти эсепке алып, ССти эсепке албаганда)
MegaTV сервисинин кызматы кошулган SIM-картасы бар түзмөктөн көргөндө интернет-трафик тарифтелбейт. Башка түзмөктөн көргөн учурда трафик абоненттин тарифтик планына ылайык алынат.
MegaTV сервиси Salam брендинин, «МегаБит» ТП, «Чектөөсүз 4G» тарифтик пландар түркүмү, «Үй интернети», «Ылдам интернет», «Акылдуу тузмөк» жана SIP тарифтик пландарынан тышкары калган бардык коммерциялык тарифтик пландарда жеткиликтүү.
MegaTV кызматынын телеканалдар топтомдорун бир учурда колдонууга болбойт, ошол элке учурда телеканалдар топтомдору START жана more.tv онлайн-кинотеатрлары топтомдору менен дал келет.
MegaTV кызматынын Basic жана Premium топтомдорунун кызмат баштапкы абалында кошулган тарифтик пландардын топтомдору менен шайкештиги:
— «Элдики 120+MegaTV», «Элдики 145 + MegaTV», «Элдики 160 + MegaTV», «Элдики 195 + MegaTV» «Элдики 395+MegaTV», «Интернет 7 Чектөөсүз», «Интернет Чектөөсүз», «Бардыгы Чектөөсүз», «Интернет 7 МАХ», «Интернет Стандарт» топтомдорунда MegaTV «Basic» жана «Premium» топтомдору өзүнчө жазылуу боюнча жеткиликтүү.
— «Элдики 490+MegaTV», «Элдики 690+MegaTV» топтомдорунда MegaTV «Basic» топтомун кошуу жеткиликтүү эмес. MegaTV «Premium» топтомун гана кошууга болот.
— «Элдики 220+MegaTV», «Элдики 245+MegaTV», «Элдики 595+MegaTV», «Элдики 750+MegaTV» «Элдики 850+MegaTV» топтомдорунда MegaTV «Basic», «Premium» топтомдорун кошуу жеткиликтүү эмес.
«LIGHT» топтому өз алдынча кошуп алуу үчүн жеткиликтүү эмес жана «СуперЫңгайлуу 7», «Интернет 7 Эконом», «Элдики 120 + MegaTV», «Элдики 145 + MegaTV» «Элдики 160 + MegaTV» «Элдики 195 + MegaTV», «Элдики 395 + MegaTV» тарифтик топтомдорунун алкагында кошулат.
«MegaTV» сервисинин кызматтарында «Тыным» кызматы жеткиликтүү болбойт.
Кызмат Кыргызстандын аймагынан тышкары көрсөтүлбөйт. Абоненттик төлөм алынат, бирок контентке кирүү чектелет. Ошондуктан чет өлкөгө чыгууда керексиз чыгымдарды болтурбоо үчүн кызматты өчүрүү сунушталат.
Ооба, кызмат башка интернет-провайдерлердин түйүндөрүндө көрсөтүлөт, бирок MegaTV тармагына тиешелүү болгон активдүү жазылуусу бар номер ийгиликтүү авторизациялангандан кийин гана мүмкүн болот.
Google Play | Android 4.2 жана андан кийинки версияларындагы ОС менен смартфондор менен планшеттер Тиркеме Chromecast аркылуу ойнотуу мүмкүнчүлүгүн колдойт. Android TV менен Sony жана Philips сыналгылары |
App Store | 6.0дөн жогорку iOS версиясындагы ОС менен iPhone / iPad Тиркеме Apple TV'да AirPlay аркылуу ойнотуу мүмкүнчүлүгүн колдойт. |
AppGallery | Harmony ОС менен 2020-жылдан тарта чыккан Huawei смартфондору |
Samsumg Apps | Smart TV функциясы менен Samsung сыналгылары 2012-жылдан кийин чыгарылган моделдер |
ContentStore SmartWorld | Smart TV функциясы менен LG сыналгылары 2014-жылдан кийин чыгарылган моделдер |
tv.mts.by | Компьютер Windows XP SP2 версиясынан ылдый эмес Linux Mac OS X 10.4 версиясынан төмөн эмес iPhone / iPad iOS 6 версиясынан төмөн эмес. |
android | Android операциялык тутуму менен 4.2 тв-приставкалар |
— MegaTV тиркемесинде;
— MEGA24 тиркемесинде «Кызматтар» бөлүмүндө;
— Компаниянын Байланыш борборуна же тейлөө кеңсесине кайрылуу аркылуу;
— кызматты өчүрүүнү каалаган телефон номеринен USSD/SMS жөнөтүү аркылуу:
Кызмат | USSD | SMS |
MegaTV «Basic» топтому | *717*0*1# | «01» тексти менен 717 номерине |
MegaTV «Premium» топтому | *717*0*2# | «02» тексти менен 717 номерине |
START онлайн-кинотеатры | *720*0# | «0» тексти менен 720 номерине |
more.tv онлайн-кинотеатры | *721*0# | «0» тексти менен 721 номерине |
SD-каналдар үчүн 300 кбит/с кем эмес, HD- каналдар үчүн 850 кбит/с кем эмес.
HD-каналдарында «сүрөттүн» жогорку өлчөмүнө (разрешение) байланыштуу сүрөттүн сапаты жакшыраак. HD каналдарынын өлчөмдөрү берүүлөрдүн сапатына жараша телекөрсөтүүнүн кадимки өлчөмүнөн 2-5 эсе жогору.
Жазылган телеберүүнү көрүү үчүн, аны телекөрсөтүүлөрдүн программасынан тандоо жетиштүү.
Эгерде сиз телеберүүнү көрүп жатып, тынымга койсоңуз жана көрүүнү улантууну кааласаңыз, керектүү түзмөктөн каналды күйгүзүңүз, MegaTV көрүүнү улантууну сунуштайт.
MegaTV акыркы 5 көрүүнү эстеп калат. Алардын бирине кайтуу үчүн, каалаган каналга өтүп, керектүү (сакталып турган) берүүнү тандаңыз. Ал эки иконка менен белгиленет: «Башынан көрүү» жана «Көрүүнү улантуу».
Акыркы көрсөтүүгө кайтуу үчүн, керектүү каналды тандап, анын аталышынын жанындагы үстүнкү тилкеден «Көрүүнү баштоо» баскычын басыңыз.
Албетте. Бул үчүн, сиз көрүүнү уланта турган түзмөктөгү аккаунтуңуздун астындагы тиркемеге кирип, «Сүрөттү башка экранга жөнөтүү» баскычын басыңыз.
Эстеткичти бир күн мурун, бир саат мурун же берүү башталаардын алдында коюп алууга болот. Эстеткичтерди коюп алуу оңой: телепрограммадан боло турган телеберүүнү тандап, эскертүү коюңуз («Ойготкуч» белгиси).
Эрежелер менен бул жерден таанышууга болот: здесь