Көл
12+
2020Драма12+
Plot
Биздин каармандар: Жылдыз – 11 жашар кыз, Аскат – Жылдыздын атасы, браконьер жана Темиркул – айылдагы тарых мугалими, көп жылдар бою Ыссык-Көлдүн боюндагы кичинекей бир айылда, кошуна болуп жашап келишет.
Мугалим менен кичинекей кыз бири бирине абдан жакын, алардын ички дүйнөлөрүнүн байланышы бардай. Жаш кезинде эле жалгыз кызын жоготуп, абдан кейиген бул абышка, Жылдызга өз кызындай мамиле кылат.
Жылдыз болсо эч ким менен сүйлөшпөгөн, дос да күтпөгөн тартынчаак кыз. Ал атасынын балык кармаганына каршы болуп келет. Себеби Темиркул ата ага кыргыздардын илгертен балык жебей, өлгөн кишинин руху балык болуп ыйык Ыссык-Көлгө сүзүп кетээрине ишенип келишкенин көп айтчу. Ушул уламыштан улам, Жылдыз да Темиркул ата сыяктуу эле балык жебейт. Бул болсо, күнүмдүк оокатын балык менен өткөргөн, курсагын да көбүнчө балык менен тойгозгон Жылдыздын ата-энесине жакпай келет.