Сүйүү күчү
12+
2018Драма12+
Syujet
Кадимки карапайым кыргыз айылы. Анда айтылып бүткүс окуяларга бай бир ууч эл жашайт. Алардын арасында Арсендин чакан үй-бүлөөсү да бар. Башкаларга салыштырмалуу турмушу жарды болгону аз келгенсип, келинчеги кенже уулу Алмазды төргөндө каза болуп калган. Балдарын жалгыз тарбиялап, багып чоңойтту. Улуу кызы Алтынай бир туугандарынын түйшүгүн жалгыз көтөрдү. Ал күн алыс тоого отун тергени кетет. Табият менен баарлашат. Аскалар, шар аккан суу, гүлдөр, көпөлөктөр менен сырдашат. Ал табияттын, куш-канаттуулардын тилин жакшы түшүнөт. Алар да Алтынайга жан дүйнөсүн ачып жаткандай туюлат. Өзүн тоодо гана бактылуу сезет. Күндөрдүн бир күнүндө тоодон келе жатып капысынан, бала кезинен бир-бирин жактырып, сүйүп жүргөн жигит, бирок алыстатуу максатында чет өлкөгө окууга жиберилген Бакытка жолугат. Ошол көз ирмемден тартып жан дүйнөсүндө билинбеген өзгөрүүлөр башталат...